Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын, жаныбарлардын ичек-карын орношкон бөлүгү, курсагы. Көзүң ооруса– колуңду тый, ичиң ооруса – тамагыңды тый (макал). Эчтеме ичпей ичиңер каарылып кетти го (Жантөшев). 2. Курулуштун, имараттын же башка нерселердин ички бөлүгү, ички тарабы. Үйдүн ичи жымжырт (Сыдыкбеков). Бөлмө ичи жыпжылуу, таптаза (Байтемиров). Мыскалдар ичке киришти (Сыдыкбеков). 2. Кездеменин же кийимдин сыртына карама-каршы жагы, кийимдин астары. Ичин кымбат иштеткен, Сырттаным сапар кетет деп, Жыйнап алып Кенжеке, Сан келинге тиштеткен («Эр Төштүк»). 3. Элдин, көпчүлүктүн, токойдун, кандайдыр бир көп нерсенин ж. б. арасы. Эл ичинен көп карайт, Элдияр, Эрмек ынагын («Эр Табылды»). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү, Узарган алда кайда көлөкөсү (Шүкүрбеков). Астынан эсеп жеткис жылкы айдатып, Ичинен тулпар тап деп кыйноо салды (Осмонов). 4. Белгилүү бир мезгил аралыгын, убакыт мезгилин, жашты көрсөткөн убакыт өлчөмүн билдирүүдө колдонулат. Курманбектин салдырган жайы эки жыл ичинде бүттү («Курманбек»). Түн ичинде уйкум жок («Эр Төштүк»). Он жети-он сегиздин ичинде (Нуркамал). Түн ичи ай асманда жарык берген, Келин-кыз, боз уландар баары келген (Шамшиев). Аз эле күндүн ичинде, Арык мал туйлап семирген (Үсөнбаев). 5. Башкаларга белгилүү болбогон, ачык сыртка чыгарылбаган ой-пикирди, көңүл жайын, абалды билдирүүдө колдонулат. Арманым калды ичимде («Семетей»). Ичиңде бузук турат, сыртын көрчү, Чын эле досуңсунат байкуш сенин (Токомбаев). Ичинен көрсөтөм деп саган бирди, Кызыл чок жүрүп кетти туталанып (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суюктукту же суюк тамакты жутуу. Тамактай көрбө бозону, Тарта ичкиле ошону (Шүкүрбеков). Аба жуттум, кымыз ичтим, эс алдым (Үмөталиев). 2. Тамактануу. Отур, тамак ич (Жантөшов). Жеңең бирдеме ичтиби (Жантөшев). Тамак ичип алып, мектепке келгиле (Байтемиров). Аштык көп болуп, эки жыл ичпейт (макал). 3. Өсүмдүктөр тарабынан сууну керектөө, өзүнө кабыл алуу, сиңирүү. Канып ичип бак-дарак гүлдөп турат (Үмөталиев). 4. сүйл. Ичимдик жутуп коюу, ичкиликке көбүрөөк берилип же кызыгып кетүү. Кичине ичип койдум эле. Ал ичип кетип, кызматынан түшкөн.